“УРКУЯ” (тарыхый даректүү баян)

БААТЫР КЫЗ ЖӨНҮНДӨ БААЛУУ БАЯН

Үмүтай Эралиеванын «Кыргыздын баатыр кызы Уркуя Салиева» аттуу эмгеги кызыктуу тарыхый, этнографиялык, адабий материалдарды камтыйт. Автор бул эмгегин жаратуу үчүн ар түрдүү ар кыл мүнөздөгү булактарга кайрылып, алардын керектүүлөрүн иргеп алып, иреттеп, айрымдарын иштеп чыгып, Уркуянын чы- ныгы инсандык, жарандык жүзүн, сапаттарын ачып акырында карманган идеясы, тутунган принциби үчүн өмүрү садага чабыл- ган доордун мүнөзүн, ошол кездеги кыргыз айылынын турмуш абалын чагылдырганы үчүн илимий мааниге да ээ. Ал жарык көрсө, баатыр кыз Уркуянын өмүр жолун окурмандарга колхоздоштуруу мезги линдеги экономикалык, тарыхый, маданий, психология лык кырдаал менен бай л аныштуу, андан ажыратпай таанытууда тая- нылышы керек болгон кызыктуу булак болуп калат
Китепте Уркуя Салиеванын элесин кыргыз адабияты, киносу жана айкелчилик өнөрүндөгү чагылдырылуу тарыхы өзгөчө жигер менен иштелген десе болот. Жазуучу Насирдин Байтемиров, кино¬режиссер Төлөмүш Океев, айкелчи Тургунбай Садыковдун жамы журтка белгилүү чыгармаларынын жаралыш тарыхына байланыштуу бөлүмдөр, мурда белгилүү болбогон, жаңы маалыматтарды камтыгандыгы үчүн өзгөчө кызыгуу менен окулат.
Автор дун, негизинен, көркөм публицистика, даректүү баян, маалыматтар жыйнагы маанайында жазылган, ошондой эле анын айрым поэтикалык эргүүсүнүн натыйжаларын камтыган бул эмге¬ги жалпы окурмандар менен бирге совет доорунун жана кыргыз көркөм маданиятынын тарыхын изилдеген окумуштууларды кайдигер калтырбайт деп ойлойм.

Сулайман Кайыпов, 

Кыргыз Республикасынын 

Илим жана техника жагынан 

Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, 

тарых илимдеринин доктору, профессор

КИРИШ сөз

Ноокат жери орто кылымдарда (IX-X-кылымда) Ис¬маил тукумунан тараган (арабдардын түпкү атасы) бел- гилүү сүрөтчүлөр, соодагерлер мекендеп, бул жерлер аркылуу өтүп турушкан. Байыркы Ноокаттын жергиликтүү калкы түрктөр, кыргыздар болушкан.
Айрым тарыхый булактарда Ноокаттын байыркы жашоочулары арабдар деп айтылып жүрөт. Балбал таштарда, мүрзө бетине койгон эстеликтерде араб жазуу- лары табылган. Муну эне тилибизге которгондо маа- ни-маңызы жаңы катты түшүндүргөн.
Жаңы кат жазуулары Х-кылымда пайда бол гон, ал эми араб саякатчысы Абу Исхак Ибрагим Ибн Мухам¬мад аль Истрархинин китаб масалик ал Мамалик деген 930-933- жылдардагы бул жерлер тууралуу жазганда Нокад (Нукад, некад деген варианттары кездешет).
Демек, бул аталыш араб жазуучуларына таандык. Башка варианты фарс тилинен которгондо «Жаңы кат», «Жаңы жазуу» деген маанини билдирет. «Ноо»-деген сөз «кууш жер», «түтүк» сыяктуу деген мааниде ай- тылат. Ушундан улам жергиликтүү калк бул аймакты Ноокат деп атап коюшкан. Ноокат маданияты коло доорунан бери келе жатат. Ноокат өрөөнү деңиз деңгэ- элинен 1200-1500 метр бийиктиктеги аймак. («Кылым улгайткан чыйыр жол; Ноокат маданиятынын тарыхы жөнүндө» китеби (Ош., 2012,)

«Атына жараша заты» – же, «Атын атаса куту сүйүнөт» – демекчи Ноокат жергеси баатырлардын, мамлекеттик ишмерлердин,таланттардын башаты десек да болот. Бул ааламга аты чыккан «Сары алтындуу пймактан» атак-даңкы таш жарган, дүйнөнү дүңгүрөткөн не деген залкар таланттар, ишмерлер, «Эл башчылар, эл багарлар», журт намысына жараган ишкерлер чыкпады. Бул аймак: Фергана өрөөнөн чык¬кан биринчи коммунист аял, колхоз башкармасы Ур- куя Салиева, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Прези- диумунун Председатели, Кыргыз ССРинин Эл Комис- сарлар Советинин председатели Төрөбай Кулатов, Кыр¬гыз Республикасынын тунгуч Премьер-министри На- сирдин Исанов, Кыргыз Республикасынын экс вице – премьер министри, «Ноокат» коомунун торагасы, Мей- раждин Зулпуев, Социалисттик Эмгектин Баатыры Кел- дибай Турдуев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, кыргыздын улукманы, чебер нейрохирург Миталип Ма- мытов, Кыргыз ССРине Эмгек сиңирген ирригатор, «Элдердин достугу» ордени жана бир нече медалдар- дын ээси Патийдин Маматалиев, алгачкы жогорку би- лимдүү экономист, Тажик ССРинин Жогорку Кеңе- шинин «Ардак грамотасынын» жана бир нече сый- лыктардын ээси Полот Эралиев, Ош об ласты боюнча эв; күчтүү математик, агартуучулук майданына омүрүн арнаган, Ленин орденинин кавалери Турабы Шамши¬ев, коомдук ишмер Жаңыбай Туманов, Кыргыз Рес¬публикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров, Кыргыз Республикасынын Жо¬горку Кеңёшинин мурунку спикери Айтибай Тагаев, экс депутаттары: Жолборс Жоробеков, (Жубайы та- рых илимдеринин доктору, профессор Мариям Эдило- ва), Тажинса Абдрасулова Рустам Маманов, Асамидин Марипов, Зиядин Жамалдинов, Алтынбек Сулайманов, Надира Нарматова, жана башкалардын кичи мекени. Генералдар: Рысбек Мырзаматов,Абибилла Кудайбердиев, Шерикбай Султанов ж.б


Мамлекеттик ишмерлер: Полотов Абжалил, Мамаша- рип Турдукулов, Абдималик Эгембердиев, Медицина илимдеринин доктору, профессор Гүлмира Байитова, Памирбек Жолболдуев, Ишкерлерден: Бозулан Эркин- бек уулу, Махабат Мавлянова, аткаруучу директор Ина- ят Мамазаирова, ж. б. Кыргыз эл жазуучулары: Мурза Гапаров, Мухтар Борбугулов, Кыргыз Маданиятына Эм- гек сиңирген ишмер, таланттуу акын-жазуучу Камба- ралы Бобулов, Кыргыз Маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Абдиламит Матисаков, Кыргыз Рес- публикасына Эмгек сиңирген журналист Эсенбай Кал- даров «Алыкул» адабий сыйлыгынын лауреаты, акын- жазуучу Бектуруш Салмагани, Педагогика илимдери¬нин доктору, профессор, »3аман Кыргызстан» гезити- нин редактору Абдыкерим Муратов, чыгаан журнали- сттерден: Асан Жунусов, Мамат Сабыров,Абдимухтар Абилов ж. б. Обончу, композитор жана ырчылардан: Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлшайыр Са- дыбакасова, Акимжан Жээнбаев, Кыргыз Республи¬касынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер Бекболот Абдраимов, Кудайберген Темиров, Ахмат Маниязов ма- данияттын мыкты кызматкери, Абидин Темиров, Ка¬лил Аширбаев, Гул мира Жолдошова, Сайкал Садыба- касова, сыяктуу онор адамдарынын куттуу уясы. Баа- рын тизмектей келсең дем жетээр бекен?


Фергана өрөөнүнүн биринчи колхоз башкармасы Уркуя Салиеванын, эрдигине балалык кезден таасирленгенбиз. Ошол секелек кезден жаралган идея, бышып жетилмейинче, сааты чыкпаган иш канча күйпөлөктөсөң да ишке ашпайт экен. 
Арийне, биздин айыл Уркуя Салиева атындагы колхозго кошуна жайгашкандыктан ата-энем, мугалимдерим жана жердештеримден Уркуянын баатырлыгы жөнүндө балалык чактан көп угуп, анын мекенчилдиги, жаш болгонуна карабай колхоздоштуруу мезгилинде тап душмандары менен тайманбай башын канжыгага байлап коюп, эли- -журтунун жакшы жашоосу үчүн чын дили менен кыз мат кылганын жөнүндө байма-бай угуп чоңойдук. Ал (жөнүндө чоң эне, чоң аталарыбыз жомок кылып айтып беришер эле. Азыр ойлосом, ал уккан тирүү баян бала кезибизден мекенди сүйүүгө карата багытталган патриоттук сезимдерибизди ойготчу экен. Көрсө, «Жок жерден жомок жаралбайт» тура.

Окуучулук күндөрүбүздө мектепте адабият сабагынан эркин темада «Уркуя» жөнүндө, дил баян, эсселерди жазчубуз. Кыргыз эл жазуучусу Насирдин Бай- темировдун «Тарых эстелиги» романын талашып окуп, андагы каармандарды үзүлүп-түшүп талкуулар элек. Ошол китептеги чоң эненин колунда калган баласы Кеңеш тирүү калган экен. Кийинчерээк трактор коюп кетип капысынан каза болуптур-деп укканбыз. Анын тирүүлүгүнө каниет кылып, бирок анын өлүмүнө кей- ип кетер элек. Белгилүү режиссёр Төлөмүш Океевдин «Отко таазим» фильмин калтырбай кайра-кайра жүрөк канатып көрүп чоңойдук. «Мезгил учкан куш» -де- мекчи, ал өз огунда тынбай айланып, доор алмашты. Канча суу нугун өзгөртүп акты, канчалаган өмүрлөр өттү. Ошентип, кылым өтүп кыргыздын сыймыктуу, даңктуу кызы Уркуя Салиеванын 100 жылдыгына арналган маараке 2011-жылдын 15-октябрында Төөлөс айыл аймагында мамлекеттик жогорку деңгээлде, сал- танаттуу түрдө белгиленди.
Адам жана Адамзаты… Жер эненин бетине жаралганы жеке адам жана адамзаты не деген доорлорду кечпеди.

Ооба, не деген түрдүү кылымдардын кандуу жолдорун кечип өтүп, өзүнүн баскан жолун, тарыхын түздү жана анын далайы ошол тарыхтын бүктөмүндө кала берди. Ошондой нукта өнүккөн адам коомунун ар кандай тарыхы биздин эсибизде жашап келет. Миңде¬ген жылдык мезгилди ичине камтыган ал доорлордун бири да бардык адамга бирдей бакыт бере албаганына тарыхтын өзү күбө. Ал эми Уркуялардын доору гана адам таалайынын ачкычы болуп, ошол тарых бетинде кала берди.
Биздин өлкөдө жаңы доордун башталышы, совет бийлигинин орношуна байланыштуу десек жаңылыштык болбойт. Мына, ушундан албан, мындан асыл тарых болду беле бизде? Адам баласына кайсы доор берди экен мындай теңчилик заманды? Бирок, кандай болгон күндө да ушул доор, ушул заман бизге оңойлук менен келе койбогонуна да, коомубуздун тарыхы күбө. Түбөлүк адам таалайы, түбөлүктүү жыргал заман биз¬ге арзанга турган жок. Ал адам өмүрүн, адам канын талап кылды. Адам каны суудай акты. Ооба, ошентти, бирок адам андан мокоп калган жок. Ал үчүн Уркуя сыяктуу замандын агымына эрте түшүнгөн адамдар башын сайды. Керек болсо илгери-кийин коломтодон чыкпаган, үйдүн босогосунан алыс аттап өтпөгөн кыз- келиндерибиз да элдин азаттыгы үчүн жаркын жашоо үчүн бел бай лап, колуна камчыдан башка куралы жок, күрөшкө чыкканы кашкайган чындык.
Бүбүкан үзүлгөндү улаган, жыгылганды таяган адам болгон дешет. Колунда жок болгону менен кабагым- кашым дебей, үмүт менен оозанып, үмүт менен алга жете легенд ер дин бири. Ага жараша Жумабай да кой оозунан чоп албаган, бироого кылдай кыйдылыгы жок, Кудайдын момуну болгон.

Ушул жупуну үй-бүлөнүн көзгө басар жалгыз кызы Уркуя Ноокат районунун Ынтымак (Беш Бурхан) айылында жарык дүйнөгө келген. Жалгыз болгондуктан бала чагынан эркектин ишин кылып, ылай жасап, үй куруп, дубалдарды шыбап эмгекчил болуп өскөн дешет анын балалыгы менен кабары бар канатташ жашаган айылдаштары. Ата- энесинe күйүмдүү болуп, оорун колдон, жеңилин жер¬ден алып, алардан жардамын аяган эмес экен. Адамды турмуш шарттын зарылчылыгы, талабы заманга жараша тарбиялай берери чын тура. Өзүнө берилген ишти ылгабай жасап, так, сапаттуу аткарганга аракет кылчу. Үй иштерин жасап коюп атасын ээрчип базарга барып соода кылышат. Антпесе атасы жооштугунан ко лундагысын ит бекер баада карматып келе беришин жакшы билчү эле да.
Уркуя алдыны көздөй умтулган, эч нерседен тайманбаган, кайраттуу, такылдаган, сөзгө чечен, өзүнө абдан ишенген, алдына койгон максатына жетүүгө мүрошкөн кыз болуп чоңоё берген. Ошентсе да ата- энесинин момундугунан, бир топ аксаган дешет. Турмуштун соккусуна жаш чагынан кабылып, бай-манаптардын алдында тили кыска болуп, айтканынан чыкпаган ата-энесине боору ооручу. Ошол жерден боор көтөргөндөн баштап эле кышкысын башына калпак кийип, эркекче шымданып, ат үстүндо жарыштарга катышып элди таң калтырып жүргөнү бар окшойт. Бекеринен жомоктолуп айтылбайт эле да.
Ата-энесинин таламын талашып, чындык үчүн, арам ойлуу Ажы менен тартышууга туура келген. Себеби, Ажы булардын үй-бүлөсүнө алым жетээрлик кылып, «Силердин эчкиңер бошонуп, менин алмаларымды сындырды!» – деп, жалган жалаа жаап жаны-
бардын бир мүйүзүн чаап сындырып салат. Чынында Ажынын токолунун баласы атайын алардын эчкисин бошотуп салганын, Колдош өз көзү менен көрөт. Бирок, ачыгын айта албайт. Тескерисинче, «Өз эчкисинин мүйүзүн балталап чаап салып, мени күнөөлөп жатат» – деп Ажы, Чел көзгө (ошол кездеги комсомол ячейкасынын баштыгы) арызданып, ал келип Жумабайды күнөөкөр катары кол койдуруп жатканда Уркуя байкап калат да жок жерден атасын соттоткону жатканын сезип, мындай кара өзгөйлүккө чыдай албайт. Ушул окуя аягына чыккыча атасыны эптеп кол койдурбаганга аракет жасап, ал атасынын жанынан чыкпай ээрчип жүрөт. Ал эле эмес Чел коз менен айтышканга! чейин барат. Чындыктын таламын талашкан кыз Чел көздон адамдын жанын кейиткен ар кандай жаман сөздөрдү угат. Тырнактай кыздын ага алы жетпешине, аягына чейин күрөшүүгө укугу чектелүү экенине көзү жетет да ичиндеги кайнаган ызалык ойдо жок жерден өзүнчө тарыхый чечим кабыл алууга түртөт. Так ошол күнү комсомол уюмуна арыз жазып, 2-3 күндөн кийин алардын катарына өтөт да аны менен эле чектелип калбай өзү теңдүү тың кыздарды жыйнап, аларды да комсомолго кирүүгө үгүттөйт. Мына ошондон соң гана, «Эски менен күрөшүүгө мезгил жетти, жаңыча жашоого умтулуу керек!» деген де¬виз менен өкмөттүн ишин чын дилинен аткарып, эми бай-манаптар менен өмүрүнүн аягына чейин күрөшүүгө укугу барын билет. Ошондон кийин жанагы атасын күнөөлөп жаткан Чел коздү, кулактардын тукуму деп комсомолдун катарынан чыгарып жиберген экен. Чындыгында ошондон бир топ аброй топтойт. 1930-жылы ВКП(б) нын мүчөлүгүнө кандидат катары кабыл алынып, 1932-жылы Коммунисттик партиянын катарына биринчилерден болуп өткөн.
Анын ортосунда да ар кандай иштер болуп өтүптүр. Кызынын жаңы замандын ишине аралаша баштаганына ата-энеси канчалык кылчакташса да, бара-бара көнүп беришкени, кызды ого бетер шердентет. Күн сайын болгон күрөштүн жүрүшү жана коомдогу күн сайын болуп жаткан жаңылык Уркуяны чыйралтып, Оюндагысын кимдин болсо көзүнө карабай, бетке айтуусу күчөп, көпчүлук аны менен аргасыздан эсептешүүгө туура келген күндөр келген. Ал ишине баш оту менен берилип, керек болсо күн-түн дебей иш үстүндө жүрүп, кээде үйүнө түн ортосунда келчү болгон. «Уркуяга эмне болду?» – деген эне-ата ал келгиче чакчайып укташпай, ошолорго эле кыйын болгон окшойт.

Салы батырактын уулу Колдош да ар кимдин жумушун кылып, нан таап жеп жүргөн жигит болгон дешет. Ал Уркуяны секелек кезинен жакшы тааныйт. Анткени, бул кичинекей, бирок тири карак кызды алардын кошунасынын үйүн куруп жүргөндө коргон. Далай жолу көтөрүп келаткан чакасынан суу ичкен. Жадагалса Уркуянын ата- энесинин колунан даам татып, бирок Уркуянын өмүрлүк жолдошу болуп каларын али биле элек эле. Колдош Уркуянын үй-бүлөсүнө жакшылык кылам деп, Ажынын кара санатайлык мамилесин ачык айтып, ошондон кийин гана кыздын жүрөгүнөн орун тапкан. Эки жаштын сүйүүсүнө жаңы замандын талабы, алардын каратаман кедейлиги дагы себеп болгон. Колдош жердеш катары, Уркуяга тизгиндеш комсомолдун катарына өтөт да бири-бирине ишенип, тез эле үй-бүлө курушат. Аялын өз үйүнө, б. а. Меркит-Муркут (Төөлөс) айылына көчүрүп келет. Уул-кыздуу болушат. Колдош Уркуянын жаш болсо да акылынын толуктугуна, көзү жетиктигине суктанчу. Элди иштете билүүсү, ар кимдин кыялына жараша мамилеси жана алардын мүнөзүнө ылайык сөз табышы| аны кубандырчу. Жаркылдап кабагына кир турбаган ачыктыгын, адамдык сапатынын бийиктигин* кеңдигин, адамгерчилигин баалап сыйлачу.
1930-1950-жылдарга чейин Меркит-Муркут айылы камыштуу токой болуптур. Айылдын эли башка айылдарга сокмо жолдор аркылуу катташчу экен. Камыш арасындагы жапайы камандар астынан чыга калган адамдарга кол салган учурлар көп кездешиптир. Айыл чачкын жайгашып, бирин-серин үйлөр ар кандай ара- лыкта жайгашкан. Бир учурда Уркуя көпүрөдөн өтүп бара жатып, алдында минген «Толман» аттуу ак боз атынын бутун сындырып алат. Ошондо ээрден түшүп атын союп, этин элге таркатып бергенин айтышат! Ошентип, жаштыгына карабай зиректигинен ачарчылык маалында, бир айыл элди жаш этке тойгузуп соопко калыптыр.
1932-жылдын жазында Уркуя өзү уюштурган «Кызыл-Аскер» колхозун ачарчылык каптайт. Анын себеби, кургакчылыктан айдоо аянттарына суу жетпей, көпчүлүктүн арасында суу талаш чыгат. Эгинди түнү бою Колдош экөөлөп сугарышат. Ушул мезгилде Уркуянын жеке колдоосу менен колхозго кедей-кембагалдар кабыл алынып, алардын ар бирине: «… азгырылып кулактарга сатылчу болбоңуздар?!» деген эскертүүсү дайыма айтылып турчу. Күндөрдүн биринде Уркуя үрөн сээп келе жатып ачкалыктан кулап жаткан

Сокочуну көрүп, үйүндөгү акыркы күрүчүн анын үйүнө берип жиберет. Аял болсо да айкөлдүгүнөн күндөн- күнгө, «малыбызды, түшүмүбүздү алып, колхозгo кабыл алгыла» — дегендердин санын көбөйтө берет. Тилекке каршы ошол эле учурда душмандары көбөйөт. Tan күрөшүү мезгилинде катуу иштеген жалгыз аял болгондуктан, ага каршы Үсөнов, Бактыбаев, Ибраимовдор тике турушат. Абдылданын Тешебайына КОЛХОЗДОН ОН эки пут жүгөрү, эки уй, бир ат, бир эчки алган деген мааниде материал жыйнатып, Мадалыны Тактекке жиберишип, жыйынтыгында партиялык билетин алдырууга жетишишет. Үй-бүлөсү менен жашаган үйүнөн куулуп чыгып, бороондуу кыштын күнүндө, жагууга отуну жок, жепирейген жаман кепеде ай-күнү жакындап калган Уркуя эки баласы Айниса жана Кеңеши менен белчесинен жуурканга оронуп, сандал менен жашоого туура келет. Бирок, душман дары ал аруу аялдын ниетине ташка тамга баскандай жазылып калган билетин алдырууга күчтөрү жетпейт.
Ал кезде кулактар кутурган карышкырдай, Уркуя каматкан жеринен бошонуп алышат. Уркуя жакындары Мамашанын кеңеши менен Обкомго, Тройкага арыз жазып, ак жерден куугунтукталып жатканын, үстүнөн жазылган материалдар жалган экенин, кайрадан текшерүү жүргүзүүсүн суранат. Арыз текке кеткен эмес экен. Аз убакыттан кийин Обкомдун көчмө Тройкасы келет да, Уркуянын үстүнөн жазылган бардык мате¬риал кара ниеттик, душмандык менен жүргүзүлгөн ушактын негизинде түзүлгөндүгүн далилдеп, кайта Уркуяны партия катарына калтырып кетишет. Уркуя акталгандан кийин баягы кырдана түшкөн кулактар кайта шыйпаңдай баштап, жолобой калгандары кайта айланчыктап Колдоштун үйүнө үйүр болуп кетишкени эмдигиче айтылат.
Бай-манаптар тарабынан Уркуянын өмүрүнө үч жол кол салуу болгон. Андай кол салууну алдын ала өзү деле сезип-билип, ошентсе да оз кызыкчылыгын ойлоп, жанын аяп качып жашынган эмес. Өмүрү коркунучта экенин Козунун аялы Күлайымдан бир нече жолу уккан. Кулактар катуу даярданып үй-бүлөсү менен жок кылаары жөнүндө кабар жеткенден кийин, балдарын, апасын аяп, Караван айылына көчүп кетүү үчүн жакындары Ахмат аркылуу баш паанек караштыра баштаган дешет. Ахматка кулактардан чочулаганын айтат. Үй бат эле табылат. Бирок, Уркуя ошол учурда төрөп калып, «… кыркым чыкканда көчөлү» – деп баш тартып коёт. Кыштын кычыраган чилдесинде 1934-жылдын 6-февралында, төрөгөндөн беш күндөн, кийинки түн ичинде, бетин жоолук менен таңып алышкан басмачылар чоң канжар, союлдар менен куралданып келишип, мыкаачылык менен Уркуя менен Колдошту өлтүрүшөт. Ошол эле күнү бешикке бөлөнүп жаңы көз жарган ымыркайы февралдын ызгаардуу суугуна тоңуп чарчап калат. Ошол учурда улуу кызы Айниса, ата-энесини мууздалып жатканын өз көзү менен көрүп тургандыктан, тилден калып, узак жашабай каза болот. Жогоруда айтылгандай ушул каргашалуу түнү Кеңеш тирүү калат.
Ахмат Райымкул уулу көзүнөн от жанган, жыйырма төрт жаштагы жигит эле. Оттон, суудан тайманбай турган кезеги экен. Өз кесиби мугалим болгону менен бир топтон бери айыл кеңешинин катчысы болуп иштеп жүргөн. Уркуя, Колдош тууралуу суук кабарды угуп, шашылыш жетип барып, заматта районго телефон чалат. Үч инспекторго кошуп, Хакимов аттуу кызматкерге райондон тапшырма берилет. Ал арак куюлган шише көрсө ээрчип кете берчү жан экен. Келгенден кийин окуяны текшерип аягына чыкмак түгүл басмачыларга кошулуп арак ичип, мыкаачылык менен болгон аянычтуу окуяга көңүл кош мамиле кылып, өзүнүн аброюн элдин алдын да төгүп алат.

Уркуя менен Колдоштун трагедиялуу өлүмү «Кызыл Кыргызстан”

гезитинин 1934-жылдын, 6-февралына №40 санына жарыяланган некролог аркылуу кыргызстанга маалым болот. Уркуяны сыйлаган, тааныган эл жалпы көңүл айтып, акыркы сапарга узатyv үчүн агылып келе башташат. Сабаты жоюла элек, социалдык турмуш абалы боюнча жардылардын катарында болгон Салиева советтик коомдун өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген бай-манаптарга каршы күрөш жүргүзгөн, чыныгы большевик катары ардакталып, түбөлүк жайга узатылат.


АБШЫР-АТА

Абшыр-Ата шаркыратмасы
Учурдагы Ноокат районуна караштуу Кулатов айылында жайгашкан кооз жерлердин бири аталган A6шыр-Ата шаркыратмасы, -дешет жергиликтүү ошол аймакта жашаган эл. Мындан башка деле Кыргызстан өлкөсү ыйык деп саналган жер-сууларга өтө бай эмеспи. Мисалы, Абшыр-Ата, Арсланбаб, Аюб-Булак (Еюб пайгамбар булагы), Бел-Мазар тоосу, Жинди-Бел; Кыргыз-Ата, Кутурган-Ашуу, Мазар-Ашуу, Мазар1 Булак, Мазар-Суу, Мазар-Төр, Манастын чокусу, Кар- гыш, Сулайман-Тоо, Таштар-Ата, Тянь-Шань (Теңир Too), Ысык-Көл, Ысык-Ата, Шамшыкал, Шахмардан Падыша-Ата жана башка кооз жерлердин санын тактап, атай берсек дем жетер бекен.
Ошондой ыйык саналган жерлердин бири башында айтылгандай Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагында (мурдагы Жал айылында) Абшыр-Ата шаркыратмасы таң каларлык жерде жайгашкан. Абшыр- Ата шаркыратмасынын качан жана кайсы жерден агып түшкөндүгү жөнүндө так маалымат жок. Бирок, азын оолак такталган маалыматтарга караганда Абшырата деген сөз фарс тилинен алынган имиш. «Абы» -суу, “Шир” -сүт деген маанини билдирет экен.
айтылган уламыштарга караганда кайсы бир кылымда Ыдырыс пайгамбар ушул аталган жерде жашаган делет. Кандайдыр бир себептер менен эл ачарчылыкка кабылып, кыйын абалга тушугат. Жер бетин кургакчылык каптап, табигат түсүн өзгөртүп чөп куурап, жан-жаныбарлар кырыла баштайт да эл кыйналат. Ыдырыс пайгамбар элди мындай кырдаалдан чыгаруу максатында азыркы шаркыратманын астындагы жаракага үч манжасын салып,м Аллага жалынып, тилек кылат. Ошондо болжолдоп айтканда 40-50 метр бийиктиктенм сүт булак чыгып келет имиш. Булак чыкканы менен алыс кетпей, ошол эле жерге ийрилип чогула берет. Ачка болгон эл сүттү сузуп ичип, айран уютуп, май жасашып жыргап-куунап токчулукта жашап калышат. Кийинчерээк адамдардын нээти бузулуп сүт булакка акыр-чикирлерин ыргытышып, жууна башташат. Ошонун кесепетиненби (?), капысынан сүт булак, сууга айланган дешет. Азыркы учурда асканын бетинен атырылып чыккан суу дарыянын суусуна аралашпай агат экен. Себеби, бул Сүт-Суу кыяматка чейин аралашпай агат деген уламыш бар. Мисалы, белгилүү окумуштуу капитан Густо деңиздеги суулар бир өзөндүн ичинде плёнка менен бөлүп койгондой кошулбай акканын аныктаган. Абшыр-Ата суусу да дарыянын суусу менен кошулбай 300 метр бийиктиктен таштан ташка урунуп аралаш агып, анан жайык жерге
Келгенде мурдагысындай бөлүнүп агат дешет.
Ушундай сыйкырдуу күчкө ээ болгон дарыя-суулар дүйнөнүн саналуу 4-5 жеринде гана бар экенин илим изилдөөчүлөр далилдешкен.

Менин да бул сыйкырдуу Апшыр-Ата шаркыратмага карата:
Абшыр-Ата сырларың бар катылган,
Айрымдарга чанда гана ачылган.
Көз жашындай таза, тунук сууң кулап,
Бабалардын өмүрүндөй агылган.
Этегиңе кумурскадай үйүлүп,
Перзент сурап келгендер көп күйүнүп.
Тилектери орундалып канчалар,
Кеткендер да көп амириңе сүйүнүп,
— деп жазганым бар эле.
Ошондой эле бул аймакта Сырдуу-Таш, Шыпаа-Булак жана мҮңкүр деген аталыштагы ыйык жайлар орун алган. Сырдуу-Ташка адамдар жети таш ыргытышып жети маанидеги тилектерин айтып өтүшөт жана aл тилектер сөзсүз орундалат деп ишенишет.
Шыпаа-Булактын суусу менен денеге чыккан ар кандай жараларды жууса айыгып кетет. Бул сууну көбүнчө дарылыкка пайдаланышат.
Үңкүргө кирген адамдар куран түшүрүшөт, себеби анда Мекеге баруучу жол бар деп ага бекем ишенишет! Ал жол менен ыйык жайга кыйналбай тез жетип алышат деген ишеним бар.
Ушул касиеттүү аймакта кыргыздын баатыр кызы Уркуя Салиева төрөлүп, анын атын чыгарган касиет да ушул касиеттүү жерге, анын сыйкырдуу күчүне байланыштуу десек да болот.
Урматтуу окурман!
Уркуя Салиеванын жалгыз ушул сүрөтү архивде сакталып калыптыр. Тилекке каршы тирүүсүндө элеси калган эмес экен. Бул сүрөттү Уркуя өлгөндөн кийин, бети- башын тазалап, мойнун тигип (ал көрүнүп турат), жоолук менен байлап, көзүн керип, башына кызынын такыясын кийгизип анан тартышкан. Экспертизага, соттун тергөө ишинде ушул сүрөттү пайдаланышкан. 1934-жылы 6- февралда «Кызыл-Кыргызстан» гезитиндеги некрологго ушул сүрөттүк документ катары берилген.

Исхак Раззаковдун тапшырмасы боюнча «Тарых эстелиги» романы жазылган

Мен Мариям апаны Кыргыз эл жазуучусу Насирдин Байтемировдун 95 жылдык мааракесине карата китеп-сүрөт көргөзмөсүн ачууга карата даярдык көрүп жатканда издеп таап, алгачкы жолу ошондо таанышканбыз. Анткени мага жазуучунун өздүк материал да ры, көргөзмөгө коюу үчүн үй-бүлөлүк сүрөттөрү, сыйлыктары керек эле. Апа менин оюмду уккандан кий ин баарын даярдагандан кийин телефон менен байланышам дегенинен ал жерден кетип калдым.

“Кыргыз эл жазуучусу” Насирдин Байтемировдун жубайы Мариям Бейшеналиева менен автор баарлашууда.

Эки-үч күндөн соң убадасына туруп телефон чалып, «Керектүү документтерди чогултуп койдум, анан алып барып бе рем» – деди. Айтканындай эле бир күнү кабинете жалгыз отурган элем, эже кирип келди. Уулу колунан] жетелеп алыптыр. Мариям апа кант оруусу менен жапа чегип, инсульттан кийин көзү такыр көрбөй калганын, азыркы адам чыдагыс кейиштүү акыбалы жонүндө бир топко чейин айтып берди. Тилекке каршы ушул учурда жазуучудан калган үйүн «аферисттерге» алдырып жиберип, талаада калыптыр. «Наскемдин көзү тирүүсүндө Ноокатка көп каттачубуз. Ноокаттын эли жакшы. Азыркы «Төөлөс» айыл аймагынын эли менен бир туугандай мамиледе болуп жүрдүк. Наскем каза болгондон кийин, бара-бара убакыттын өтүшү менен карым-катнаш болбой калган соң байланыш үзүлөт экен. Жашоо шартым туура келсе барып көргүм келет. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» экен. Азыр жадагалса дары-дармегиме каражат таппай каламын. Канча жолу Жогорку жакка Окмотко, Мерияга кайрылдым, майнап чыккан жок» деген өкүнүчүн мага айтып жатты. Апанын аянычтуу абалына, аялдык сезимим менен боорум ооруду. Мындай шартта көптү билгендер менен кеңешкениң туура экен. Ушул багытта айылдашым, Ноокат коомунун торагасы Мейраждин Зулпуевге кайрылдым. Жагдайдын баарын жашырбай, болгонун-болгондой түшүндүрүп айттым. Мейраждин аке Насирдин Байтемировдун 95 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан китеп-сүрөт көргөзмөнүн ачылышы күнү Уркуя Салиеванын жердештери Төөлөстүктөрдү жөнөтөм деди.


Бул китеп-сүрөт көргөзмөгө Төөлөстүктөр келишип, Уркуя эненин жердештери катары атайын аларга сөз борилбесе да апаны жазуучунун мааракеси менен куттукташып, айрымдары колдорунан келген салымдарын кошуп кетишти. Мариям апа ошондон кийин менин кандайдыр бир жупуну эмгегимди баалап, төбөсү көккө жетип ыраазы болгон эле.
Көп узабай апа менен дагы байланышууга туура кел¬ди. Анткени «Уркуя» боюнча жазыла турган эмгегиме пайдаланыш үчүн ападан материал алышым керек эле. Aпа сунушумду четке каккан жок. Экөөбүз болжолдогондой убакытта Эркиндик бульварынан кезигишип, ошол жерден маектештик. Ошентип, Кыргыз Эл жазуучусу, таланттуу прозаик, акын, либреттист жана драмат ypr Насирдин Байтемировдун өмүрлүк жубайы Бейшеналиева Мариям апа менен маегибиз төмөндөгүдөй нукта жүрдү. Мен:

— Ana төрт тарабынан төп келишкен залкар та¬лант Насирдин агайдын чыгармачылыгы боюнча сүйлөп бербейсизби? Анда сөз башынан болсун дейлиби?-дедим. Ал бир азга ойлонуп отуруп жооп бере баштады.
– Ооба. Залкар жазуучубуз аял затынын эмгегин даңазалоого өзгөчө кызыккан, жаңычыл, мезгил менен жарышкан сейрек кездешүүчү кудай берген шык туу, касиеттүү инсан эле. Адабият багытындагы бар- дык төрт жанрын бирдей алган Алла тарабынан Кы зыр даарыган залкар-прозаик, акын, либреттист жана драматург болчу Наскем. Кайсы жанрды албайлы анын адабиятыбыздын өсүп-өнүгүшүндө калеми тийбеген тармак жокко эсе. Залкар акын чындыкка өтө жакын, акыйкаттыкты аздектеген баатыр мүнөз адам десек болот. Бөтөнчө согуш жылдары анын жаш жүрөгүнө өчпөс так салып кеткен экен. Наскемдин беш эркек бир тууганы, бир карындашы болгон. Карындашы ымыркай кезинде чарчап калып, жалаң агалары менен өскөн Наскем балдардын эң кенжеси болчу. Улуу агаларынын баары согушка кетип кайтпай калышып, бирөө гана майып болуп үйгө кайтып келген. Акын дын эки жашында 1916-жылдагы Үркүн учурунда ата сы Байтемир да киши колдуу болуп каза тапкан. Атасынан көз көрүнөө айрылган топ жетимдин энеси – Арууке казак-орустарда жалданып иштеп балдарын араң жетилткен. Ал кезде үйдөгү агалары да чиедей жаш, аларга казак-орустун бергенин алып келип та- мактандырышчу экен. Жетимдер той-аш болгондо катардан калып калышчу. Ошондо Насирдин 4-5 жаш кезинде Арууке апа баласына:
«Атасы бар жаш балдар, төрдө отурат теңселип,
атасы жок мен кургур, эшикте калам тепселип»
деп ырдагын деп үйрөтүп, эл отурган үйгө кирги¬зии жиберчү окшойт. Наске жалтанбай ырдап жиберчүмүн дечү. Ал убактагы адамдар уяттуу да, ыймандуу да тура. «Апеей, кокуй! Аруукеге табакка жакшылаи мүчө салыи жеткиргиле» – деп чуулдап, балага да устукан карматчу тура. Атасынан ажырагандан тартып Насирдин Байтемиров эки жашынан энесинин этегине жармаша оор турмуштун запкысын кошо тартып чоңойгон. Акындын бала чагынын оор күндөрү жана энеси Арууке апанын арман ырлары, жамагы жана ал түнү менен айткан жомоктору баланы адаби яттын өйдө-төмөн көп кабаттуу чыйырына түрткөнүн көп эскерчү эле. Апасын кечке ээрчип иштеп чарчап, кечинде үйгө келишчү, ошентии, акын бала кезин оор турмуштун кучагында телчигиитир. Апасынын кыйналганын көп коргондүктөнбү, аялзатынын эмгегин кетээр кеткиче даңазалап өттү. Окууга дилгир болуп мектеп жок кезде Кегетиде, төрөлгөн жеринде бир сарайга сабатын жоюуга умтулса, кышында бут кийими жок, алманын бутагын кесип алып, ошону өбөк кылып, бутун карга тийгизбей эптеп барып, тамга үйрөнүп окуганын дайыма эскерип айтаар эле. Көп өтпөй Улуу Ата мекендик согуш башталып, Арууке апанын төрт эр жеткен уулдары түгөл согушка кеткен. Бул жылдарда Наскем апасы экөө, турмуштун ар кандай кырдаалын баштарынан кечирип, жокчулуктуи запкысын аябай эле тартышкан экен.
Турмуштун запкысын көрүп, эрте телчиккен улан 10 жашынан ыр жаза баштаган, кара сөзгө баш салып, аңгеме жазган. 1939- жылы «Жомоктор» деген чакан китеби жарык көргөн. Чыгармачылыгы башталган oшол 1939- жылдан тартып, 1996-жылга чейин өмүрүн, бүткүл күч аракетин кыргыз адабиятынын казынасын толтурууга жумшады. Заман алмашып, муундар жаңырса да, 1970- жылдан азыркы күнгө чейин «Аста, секин колуктусу» Кыргыздын Улуттук Опера балет театрынын сахнасынан түшпөй, классикалык чыгармага айланып кою луп келе жатат. Наскем даңазалабаган таланттуу инсандар аз. Айрыкча «Кылымдар деми» деген китебинде (1994ж) «Байтик», «Шабдан», «Курманжан», «Бүбүсайра», «Зууракан», «Сагымбай», Токтогул жөнүндө кандай гана залкарларга поэзия менен эстелик коюп кетти. Өзү учурунда Финляндияга, ар- мияга кетип, оорунун азабынан кайтып келген.
—Агайга эстелик тургузулганбы?
— Чындап келгенде акынга адабий төбөлдөр сөз менен деле, таштан да эстелик тургузуп эскерип коюуга жарашпады. Жок дегенде бир көчөнүн атын, 15 жыл бою беребиз деп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сессиясында карашкан жок. «Үмүтсүз шайтан гана жашайт» демекчи, дагы деле жакшылыктардан үмүтүмдү үзө элекмин. Кыргыздын таланттар дын эмгегин баалаган жоомарт, айкөл азаматтары бирде болбосо, бирде чыгып калар. Наскем дин эстелигин тургузуп, көчөгө ысымын ыйгарып беришсе, жазуучунун арбагы ыраазы болоор беле. Мен өмүрлүк жубайы катары көзүмдүн тирүүсүндо жогорку атаган милдеттеримди аткарып кетүүгө да колумдан келишин- че чуркап, таманым тешилди. Бишкек шаарынын Мериясына нечен жолу барып, жыйынтык чыкпай, Кыр-гыз Республикасынын экс Премьер министри Өмүрбек Бабановго кирүүгө жасаган аракетимден да майнап чыкпады. Бийликтин төбөлдөрү акыйкат чечим чыгарса жакшы болоор эле.
Менин азыркы өтөп жаткан жашоомду душманга бербесе дейм. Абалым өтө эле оор. Карыганда кант диабети менен жабыркап, эки көзүм көрбөй калды.
Насыкемден калган үйдү аферисттерге алдатып, алды рып жиберип талаада калдым. Батирдеги турган үйүмө «кутурган итти киргизип койсо, чыдай албай турган» шартта күн кечирип келүүдөмүн. «Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат». Балдарым эрке өсүп, өздөрүнүн тапкандары тиричиликтеринен артпай араң эле «Өлбө, жаным өлбө» ит турмушту көрүшүүдө. Бири да Наскемдин өзүн тартпады. Беш миң сом пенсия алам, анымды батирге төлөйм, жеп-ичкенимден артпайт. Ишкананын вахтасында иштеп, дарыларыма ошондон тапканым менен эптеп жеткирем. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып менин шартыма туура түтүнүп, мага жардам кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбек Су¬ла ймановго терец ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Алтынбек менин бир көзүм такыр көрбөй калган, экинчи көзүм 20 пайыз көрүп калган кезде ал абалдан алып чыгып, бир көрбөй калган көзүмдү опе¬рация кылдырып, менин өмүрүмө жарыктыкты тартуулап, чоң бир соопко калды. Экинчи көзүңүздү да жасатып берейин деп, ак эткенден так этип турганы көңүлүмдү көтөрүп, өмүрүмдү узартып жаткандай.

Былтыр Уркуя Салиеванын 100 жылдык мааракеси Ноокат районунун «Төөлөс» айылында белгиленди. Ошол мааракеге жазуучунун арбагын сыйлап, Эл депутаты Алтынбек Сулайманов мени да кур калтырбай Ошко учак менен барып келүүмө бүт болгон шарттарды толугу менен түзүп берди. Ылайым, Алтынбектей азаматтарыбыз элде көп болсун! Алтынбектин өзүнө жана үй-бүлөсүнө бардык жакшылыктарды каалайм. Тилеген максатына жетип, эч кем болбо! Кайрымдуу- лугуңдан жазба, каралдым! Элге, мага окшогон оорукчал, жесирлерге кылган жакшылыгың сага Кудайдан кайтаарына то лугу менен ишенем. Аман болгун! — дегим келет.
— Эже айтсаңыз Насирдин агайдын «Уркуяны» жазышына эмне себеп болду?
— Албетте, мунун себебин көпчүлүк билбейт. Исхак Раззаковдун сунушу менен сен сураган «Уркуя» рома¬ны жазылган.

— Кандайча?
— 1954-жылдары Кыргыз мамлекетинин жетекчиси Исхак Раззаков Ош жергесинде Насирдин Байтемиров менен жолугушуп калат. Ошол жерде сөздөн-сөз чыгып, Исхак Раззаков: «Түштүк жергесинен басмачы лардын колунан каза болгон баатыр кызды изилдебейсиңерби! Эл үчүн кан-жанын аябай, кырчындай мезгилинде үй-бүлөсү менен кырылып калганы жыл өткөн сайын эскирип унутулуп баратат. Кийин жаш муундар билбей калабы? Эмгек талаасында жалаң кыздардан бригада түзүп, планды ашыкча аткарган Өлмөскан Атабекованы эмнеге даңазалап жазбайсыңар?» – деп, күйүп-бышып, маселени оң кабыргасынан койгон экен. «Булардын эрдиктери, эмгектери унутулуп кала береби. Жаштарга сабак, жашоодо өрнөк болгудай, таасир кыла турган чыгарма жазыш керек» – деген сунушун киргизет. Жакшы жазылган чыгарма мамлекет тарабынан бааланып, сыйлыкка көрсөтүлүшү жөнүндө баса белгилейт. Адегенде Өлмөскан Атабекова боюнча «Жылдызкан» романын жаза баштаганда эле күтүүсүз жер¬ден Атабековадан Уркуя боюнча бирин-серин маалыматтарды уга баштаган. Өлмөскан Атабекованын ишмердиги боюнча 1954-жылы «Жылдызкан» романы жазылып, 1956-жылы Мамлекеттик басмадан чыгарылган. «Жылдызкан» көркөм роман болгон менен….

Насирдин БАЙТЕМИРОВДУН 100 жылдыгына арналат.“Тарых жана маданият” жылынын урматына

«Жылдызкан» романы жазылып, 1956-жылы Мамлекеттик басмадан чыгарылган. «Жылдызкан» көркөм роман болгон менен көпчүлүгү чындыктан алынып, тарыхый окуяларга бай болгон. «Жылдызкан» романы көпчүлүктүн көңүлүнө өтө жылуу кабыл алынган. Айрыкча жаштарды, көбүнчө кыз-келиндерди эмгекке тартууга зор таасирин тийгизген. Көбүн эсе ошол убакта түштүк кыздарын эмгекке чакырган үндөө болгон. Ал чыгарма Өлмөскандын 16кыздан бригада түзүшүнө түздөн-түз жол көрсөткөн. Насирдин Байтемиров романды оңой-олтоң жаза койгон эмес. Ал Базар-Коргондогу Атабекованын айылына көп жолу каттаган. Өлмөскан менен аңгемелешип гана тим калбастан, өзү менен пахта талаасында чогуу болгон. Иштеп жаткан эмгекчи аялдар менен суу кечип, алардын бешене терин көрүп, көп-көп кыйынчылыкка дуушар болуп жүрүп анан чыгарма жаралган. 

Түштүктө жүргөндө жогоруда айтылгандай Өлмөскандан уккан баяндын негизинде 1956-жылдарда Уркуя Салиева жөнүндө көптөгөн маалыматтарды жыйнайт. Ушундан баштап жазуучу бул окуяга өтө кызыгып, Ноокат районундагы азыркы «Төөлөс» (Уркуя Салиева атындагы) айылына көп жолу барган. Бир-эки жумалап түнөп, сурамжыласа да, ал жерден материал чогултууда кыйынчылыктарга дуушар болгон. Себеби, эл ал убакта азыркыдай түшүнүккө, илим- билимге ээ эмес болчу. Анын үстүнө Уркуянын өлүмүнөн кийин элдин сезиминде жашап калган балдарынын зары, тайманбаган чынчыл соттун өкүмү, алардын үшүн албай койгон эмес. Н.Байтемиров аталган колхозго жол азабын тартып нечен ирет барса да, эч кимиси чечилип Уркуя жана Колдош жөнүндө айтып бере алышпаган. «Биз билбейбиз да, билбейбиз», дегенден башка сөз уга албаган. Ал тургай Уркуядан кийинки колхоз башкармасы болгон Гайвали аке да,чындыкты чындай чыгарганга дааган эмес. Себеби, ал кезде Уркуя менен Колдоштун өлтүрүлгөндүгүнө туура 30 жыл өтүп кетип, бүтүп бара жаткан жараны кайра козгогондон чочулашкан.

Эмнеси болсо да залкар прозаик Салиеванын эрдигин, баатырлыгын баалаган. Айрыкча түштүктөгү аялзатынан суурулуп чыгып, элди башкарышы (болгондо да басмачылардын ордосу жайгашкан айылды) акындын жүрөгүнө тынчтык бербей, жада калса түн уйкусун бөлгөн. Түшүнө да кирип, жанына жай бербей, айласы кеткенде Өкмөткө кайрылып мамлекеттик сырдуу документтерди сактаган архивге кирип кароого уруксат алган. Анан ошол убактагы романды жазууда кыйналганын, бирок баары бир өзүнүн максатына, оңой-олтоң жетпегенин такай эскерчү. Архивдеги документтердин көчүрмөлөрүн таап, ошол убакта соттогон Жогорку соттун судьялары, ал гана эмес Москвадан келген соттор менен көзмө-көз сүйлөшкөн.

-Тайгин Уркуяны сойгон канжарды таап алып, жерге көөмп койгон дейт го?
-Чын. Ошол кезде Фрунзеде жашаган Тайгин деген улуту татар юристтин, тарыхты тактоого опол тоодой жардамы тийгенин көп айтчу. Тайгин басмачылар Уркуяны сойгон канжарды жерге көөмп катып коюптур. Кийин ал кишини үйгө ээрчитип келип, мени менен тааныштырган. Тайгин жапалдаш бойлуу, абдан сулуу келген, ак сакалдуу, бетинен кызыл нур төгүлгөн, өтө тыкан киши эле. Бир жолу Наскем экөөбүздү үйүнө чакырып Москва-Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан үйүнүн короосундагы бир жерди көрсөтүп, “Ушул жерде Уркуя союлган канжарды көөм койгонмун. Казып көрбөйлүбү? -деди. Жер укмуш катуу экен. Ал күнү суу сээп, кетип калдык. Эки күндөн кийин жумшап калыптыр казып, жер алдынан жанагы канжарды таптык. Канча мезгил алмашса да, эч нерсе болбогондой, мизинде адам каны катып так бойдон турган экен. Биз коркуп кеттик. Тайгин: “Коркпогула! Ушул канжарды силерге беремин, катып алгыла керек болот, -деди. Наскем үйгө алып келип, жерге жашырып койду. Ал канжар дале жатса керек. Андан бери да бир топ мезгил өттү. Тайгин да болжол менен 90 жашка чыгып бул дүйнөдөн көчтү го.

-Уркуяны өлтүргөндөрдүн сотуна Ф.Тайгин кантип төрагалык кылып калган экен?
-Канкор мыкаачыларга алдын-ала жүргүзүлгөн тергөө иштери аяктагандан кийин Эски-Ноокатта Республиканын башкы сотунун көчмө жыйыны болот. Мамлекеттик айыптоочуну колдоо үчүн Фрунзеден республиканын ошол кездеги юстиция эл комиссары И.Жоломанов да келет. Айтылгандай, 1934-жылдын 11-13-мартында өткөн Кыргыз ССРинин башкы сотунун көчмө жыйынына Башкы соттун Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарымдуу өкүлү Ф.Тайгин төрагалык кылат. Сот үч күнгө созулат. Ал кезде айылдарда азыркыдай атайын имараттар жок болгондуктан, сот процесси эң чоң чайканада өткөн. Сот ишине кызыккан адамдар көп болгондуктан эл чайканага батпай сыртка чейин чыгып калууга мажбур болушкан. Сотто ар тараптан келген өкүлдөр Козиев, Бабаев, Уулча Тилдеходжаева, Исмаиловдор чыгып сүйлөп, Салиевдерди өлтүргөндөргө өлүм жазасын берүүнү талап кылышкан. Ошентип, күнөөкөрлөр эң жогорку жазага тартылышкан. Бирок, арадан туура 30 жыл өткөндөн кийин, ушул сот ишине төрагалык кылган Ф.Тайгин негедир күмөн санаган таризде РСФСР Жогорку Сотунун төрагасы Лев Николаевич Смирновго кат жолдогон. Ошол орус тилинде архивде сакталып келген каттын котормосун окуңуздар.
( Бул каттын көчүрмөсүн Байтемировдун кагаздарынын арасынан алыптыр. Азырга чейин сакталып турат экен. Эже жарыялай бер деп уруксат берген эле.)

РСФСР Жогорку Сотунун төрагасы жолдош Л.Н. Смирновго
Улуу урматтуу Лев Николаевич!
Мындан отуз жыл мурда, 1934-жылы, мен республиканын Башкы сотунун өкүлү катары Кыргызстандын түштүгүндө иштеп турган убагымда, менин төрагалыгымдын астында күнөөкөрлөр Абылкасымов Мадалы, Абдуразаков Казы, Арунов Баймат, Анаркулов Токтосун, Ташиев Бегалы жана Абдуллаев Тешебайлар сот жообуна тартылышкан. Алар тарабынан Кыргыз ССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин мүчөсү, «Кызыл-Аскер» азыр Салиева атындагы) колхозунун төрайымы Уркуя Салиева менен күйөөсү Колдош Салиевди жырткычтык менен өлтүрүлгөнү боюнча иш каралган. Сегиз соттолуучунун үчөөсү Абылкасымов, Абдуразаков жана Арунов Эшмат атууга өкүм кылынган. Ал ишти РСФСР Жогорку сотундагы алдын ала иликтөө баскычынан РСФСРдин прокуратурасына жөнөтүү менен алынып салынган. Ал иш алгачкы кызматтык квалификациясы төмөн, тажрыйбасы аз, кала берсе мамлекеттик саясий башкармалык бөлүмүнүн (ОГПУ) кызматкерлери тарабынан изилденген. Аны төмөнкү факты деле ашкерелеп турат. Иш боюнча далил буюм катары, өлтүрүлгөн Салиевдердин канынын тагы калган маркумдардын тамагын мууздаган өзбек бычагы экен деп табышкан.
Эски-Ноокатта ишти угуу боюнча келээрим менен мен бул бычакты милициянын күзөттүк бөлүмүнөн тезек ордуна жагылган жыгачтарды кескен бычак катары таптым. Кошумча иликтөөдөн кийин иш РСФСРдин Жогорку Сотунун өндүрүшүнө кабыл алынган. Экинчи өкүм да ошентип алынып салынган. Үчүнчү жолкусунда иш 1937-жылы РСФСРдин Аскердик коллегиясынын көчмө отуруму менен каралган деп айтышат. Сот жообуна кошумча кишилер тартылышкан, алардын фамилиясын жана аттарын билбейм. Кээ бир соттолгондорго атууга өкүм кылынган. Дайыма сакталчу иш катары РСФСРдин Жогорку Сотунун архивинде же Москванын архивдеринин биринде болуш керек эле. (1934-1937-жылдары)
Лев Николаевич,Сизден Кыргыз ССРинин Жогорку Соту аркылуу мага көрсөтүлгөн иш боюнча акыркы өкүмдүн көчүрмөсүн жиберүүгө көрсөтмө берүүңүздү өтө суранам. Сиздин тынчыңызды алганым үчүн дагы бир жолу кечирип коюуңузду өтүнөм.
Урматоо менен Ф.Тайгин.

Эже, «Тарых эстелиги» романы канча жылда жазылганын билесизби?
-Билем, билбей анан. Башында айтпадымбы, 1954-жылдан баштап маалыматтарды топтой баштаган деп. Чыгарма тынымсыз изденүү, толгон-токой машакаттар менен узак жылдар жазылды. Архивдеги документтерди топтогондон кийин Уркуя Салиева атындагы колхозго барып айлап жатып, изилдеп жазган. Архивдин документтерин көчүрмөсүн көргөндө гана ошол окуяга күбө болгондор жазуучуга, бирин-серин билгендерин айтып бере башташкан. Наске Гайвали аке менен тыкыс байланышта болуп, өзү көргөндөрүн жазуучуга баяндаган. Архивдин документтердеги окуянын кандайча болгондугун күбөлөрдөн суроо жазуучуга өтө опурталдуу жагдайларды түзгөн. Себеби, соттолгон адамдардын тууган-туушкандары да тоскоолдук кылбай койгон эмес. Ошондой болсо да жазуучу өз өмүрүн тобокелге салып Салиеванын колхозчулары менен тынбай байланышта болгон. Анын кечирген азыноолак өмүрүнө карабай ысымын түбөлүккө калтырып, тарыхый, көркөм чыгарманы кыргыз журтчулугуна өчпөй тургандай кылып калтыра алды. Тынымсыз эмгектенүүнүн натыйжасында кыйынчылыктар менен 1966- жылы, «Кыргызстан»басмасынан», «Тарых эстелиги» романы жарык көрдү.

-Романдын негизинде Насирдин Байтемиров Төлөмүш Океев менен бирдикте «Отко таазим»фильминин сценарийин жазышкан. Романдын кинофильм болуп тартылышына эмне себеп болду?
-Залкар режиссер Төлөмүш Океев жеке өзүнүн каалоосу менен гана фильмди тарткан. Аны эч ким зордогон эмес. Сценарийге «Тарых эстелиги» романындагы жандуу окуялар себеп болгон. Ошол кезде жогорку жактан тарыхый чыгармаларды жазууга жана кинолорду тартууга тапшырма берилчү да. Океев Наскемден романынын негизинде Уркуя Салиеванын киносценарийин жазып берүүсүн суранган экен. Ошентип, эки залкар тарабынан пайда болгон «Отко таазим» фильми Америка Кошмо Штаттарына чейин коюлду. Кинорежиссер Төлөмүш Океев, оператор Кадыржан Кыдыралиев «Токтогул» атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болушкан. Уркуянын ролун «Кыргыз чүрөгү» аталган Таттыбүбү Турсунбаева ийинине келтире аткарып, кандайдыр бир себептер менен автор менен башкы каарман «Токтогул» атындагы мамлекеттик сыйлыктан кур калышкан.

-«Уркуянын» айкели Ала-Тоо аянтына орнотулган. Бирок, эмне үчүн «Революциянын каармандары» деп аталып жүрөт?
-Насирдин Байтемиров ошо менен эле токтоп калбастан «Тарых эстелиги» китебинин биринчи бетиндеги эскизди Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин Эл сүрөтчүсү, залкар скульптор Тургунбай Садыковко көрсөтүп, чуркап жүрүп, борбор шаарыбыздын Ала-Тоо аянтына Уркуя Салиеванын эстелигин орнотууга чоң салым кошту. Бирок, эстеликтин аты Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен эмнегедир «Революциянын каармандарына» деп аталып калган. Наскем бул жөнүндө бир нече жолу өкүнүү менен айтканы эсимде.

-Уркуядан кийинки экинчи колхоз башкармасы Гайвали Мамаюсупов Уркуя Салиеваны даңазалаганы үчүн Н.Байтемировго «Ардактуу колхозчу» деген ардактуу наам бериптир го. Бул колхоз башкармасынын агайга болгон сый-урматыбы, же?
-Залкар жазуучу Уркуя Салиева атындагы колхозго роман жазылып бүткөндөн кийин деле тууганчылап барып, эл менен катышып турган. 1974-жылы Гайвали аке, Наскемдин 60жылдыгына байланыштуу Салиеванын айылына чакырып, чогулуш өткөрүп, бизге чоң урмат-сый көрсөткөн. Гайвали Мамаюсупов жазуучуга ыраазычылык билдирип, «Ардактуу колхозчу» деген айылдын сыймыктуу наамын берген. Гүлчехра деген кызын Изати менен акыреттик дос кылган. Султан Ибраимов күнөстүү түштүктө Обкомдун 1-катчысы болуп турганда, Оштун чок ортосуна«Уркуя Салиева» атындагы окуучулардын мектеп-интернаты ачылган. Ал мектепке Наскем Уркуянын небереси Кеңештин баласын, интернатка өз колу менен жетелеп барып, окууга киргизип келген. 1979-жылы «Махабат жазы» деген китебинде дастан түрүндө жазылган чыгармасында да «Уркуяны» чагылдырган. Насирдин Байтемиров өмүрүнүн акырына чейин Уркуянын арбагына өтө сый-урмат менен мамиле жасап өттү. Наскемдин эмгеги бүгүнкү күндө акталды десек болот.

-Апа, залкар жазуучунун жубайы катары кандай ой-тилектериңиз бар?
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбек Сулаймановго миң -мертебе алкыш айтсам болот. Кыргызстандын экономикасынын абалы темтеңдеп бутуна араң турган мезгилде Наскемдин учугун улаган ишкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбек Сулайманов Уркуянын 100 жылдык мааракесин өткөрүү демилгесин колуна алып, аны өз каражаты менен каржылады. Анын бул иш чараны салтанаттуу түрдө өткөрүүсү мактоого татырлык жооптуу иш болбодубу. Мында кийинки муундагы таланттуу кыз-келиндердин өнөрлөрүн сынакка коюп, жеңүүчү деп табылгандарга байгелүү сыйлыктарын тартуулады. Залкар жазуучунун өмүрлүк жубайы катары мени сый-конокко учак менен барышыма өз каражатынан төлөп, жатаканасын дагы уюштуруп берди. 100 жылдык маараке мамлекеттик жогорку деңгээлде даярдалып, темирдей тартиптин алкагында «эң жакшы» өткөнүн көзүбүз көрбөдүбү.
Бул-салтанатка Кыргыз Республикасынын президенти Роза Отунбаеванын катышышы да иш чарага чоң аброй алып келди десек болот. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикери-Ахматбек Келдибеков, депутат Эгемберди Эрматов, Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбековдор катышышты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс спикери Ахматбек Келдибеков, Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков Уркуяны биринчинин биринчиси кылып, тарыхый роман жазып кеткен деп Насирдин Байтемировдун ысмын атап кеткенине маңдайым жарыла кубанып, ыраазы болдум. Эл башчылары сүйлөп бүткөндөн кийин баягы эле Насирдин Байтемировдун фильминдеги Уркуя кулактарды колхоздон кетирип жаткан эпизод менен башталды. Сценарийди профессионалдык чеберчиликте аткарышты. Бирок бири кем дүйнө дегендей, Төөлөс айыл өкмөтү, ардагерлери, «Уркуянын урпактары» Наскемди эскерүүгө жарашпаганы, же атайлап чакырган соң мага үй-бүлөсү катары бир ооз, сөз берип койбогону зээнимди кейитти. Мен ыраазычылык, рахматтан башка не айтмакмын. Наскемдин, Гайвали акенин арбактары көз алдыма тартылып жалгызсырап калгансыдым…

-«Тарых
эстелиги» романы орус тилине которулган. Ошол боюнча айтып бербейсизби?

-1974-жылы «Памятник истории» деген китеби жарык көрдү. Насирдин Байтемировдун аталган китебин Кыргыз басмада адабий кызматкер болуп иштеген Евгений Шатько которду. Наскемдин эмгектери эл ичинен ылайым кетпесин!! Элде тычтык болуп, элге үлгү болчу инсандар көп болсун демекчимин!
Насирдин Байтемиров отузунчу жылдардын биринчи жарымында Кыргызстандын түштүгүндөгү Ноокат деген жеринде тап душмандарынын колунан курман болгон Уркуя Салиеваны өлтүргөндөрдүн бычагы жерге көмүлгөн экен, ошол бычак жөнүндө ой жүгүртүп ушул ырды жазган. Биз акындын бул чыгармасын эч өзгөртүүсүз бергенге аракет жасадык.

Бычак

Кырк жыл бою көмүлүп,
Жерде жаткан тумчугуп.
Темирсиң сен мизи бар.
Темир эмес бычаксың.
Кырк жылдык тарых изи бар,
Жер ным, кан сиңген боюңа.
Кырк жыл бою тапталып,
Жел, күн тийбей сен жаттың,
Өз мизиң менен мууздаган,
Уркуянын кыпкызыл канын кактанып.
Темирсиң, датсың, күнөөсүң,
Көмүлгөн жерге соттолуп.
Сени менен мууздаган,
Канкорлор эбак жок болуп,
Дагы эле калды кирдеген.
Сен көмүлө электе,
Желбеймин мизиң нелерге кана тийбеген.
Жалт-жулт этип чагылсаң,
Кескендир камыр кубанып,
Ак маңдай сулуу селкилер,
Кесмелер жайнап чубалып.
Балким сенин мизиңден,
Уркуя окшош ондогон өмүр өчтүбү,
Же болбосо ондогон
Чүрпө бакырып
Түшкөндө киндик кестиби?
Же болбосо ар жерде
Жаткандырсың тепселип,
Бетиңде ныпым нуруң жок,
Бир тыйындай да кунуң жок,
Бир үзүм темир колуна
Тийгенде уста көңүлгө,
Дегеле алган эместир,
Кайгылуу өлүм жөнүндө.
Көөрүгүн үйлөп, от жагып,
Отко айланып, кактанып,
Чачырап кыпын чачылса,
Барсканың ура мактанып,
Маңдайынан тер тамып,
Иштеген чыгаар кумардуу,
Темирдей бекем, чыдамдуу.
Эрикпей сынап күчүңдү,
Кончуңа жанып мизиңди,
Көргөндүр улам кубанып.
Жетти эми ийи дегенде,
Шыркырата сугарып.
Так ошо уста ак эмгек,
Аткарса дейлик чынында,
Ак эмгек кылдым десе да,
Капкара болуп бул бычак,
Калды го минтип кылымга.
Бычактай миздүү жаланып.
Ойлосом ошол өткөн чак,
Кээде учунан кан агып,
Эки дүйнө беттешип,
Өмүрү курган эски чак,
Мунун аты бычак да,
Керең, дудук көзү жок.
Перизаттын перизатын жайлаган,
Жүргөндө шайтан колунда,
Өткүр уч, миз да эси жок.
Болбосо бир темир да,
Тийгенде уста колуна,
Келгендей жасап оюна,
Ар түрдүү буюм жараткан.
Кетмен болуп жер казып,
Бургу болуп кен казып,
Самолёт болуп көктө учуп,
Бульдозер болуп тоо бузуп,
Табияттан адамга насип талашкан.
Бычак кылсаң бычак болуп,
Куурчак кылсаң куурчак болуп,
Камыр мисал жуурулган зат так ушу.
А бу болсо Уркуянын
Ажалы мисал көрүнүп,
Дат басып жаткан чагы ушу.
Андай болсо айтаарым
Бычак эмес,
кош буттуу жырткыч жөнүндө.
Капкара көөдөй дүйнөсү,
Карышкыр болуп түндөсү,
Уйкуда жаткан кезинде,
Эмчекте бала,энесин,
Аябай мууздап денесин,
Ажалы болуп келишкен.
Адам эмес алардын
Ар бири бирден көрүстөн.
Бычак эмес, азыр менин
Айтаарым өткөн тарыхтан,
Жаралган жалаң жарыктан,
Ак таңдай таза эмгеги,
Сандаган жылды карыткан,
Жарыгын чачып калкына,
Кир жолотпой даңкына,
Туу болуп туулган чыгыштан,
Ал өзү – Лениндин адамы.
Уркуя кыздын баяны.

НАСИРДИН БАЙТЕМИРОВ 1916-жылдын апрель айында Чүй ооданындагы Кегети айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Айылдык мектепти бүтөрү менен Фрунзедеги зооветинституттун даярдоо бөлүмүнө өтүп, 1934-жылы 1-курсуна кабыл алынат. 1934-жылы«Ленинчил жаш» гезитинде «Жаш тилек» аттуу алгачкы ыры жарыяланат. 1937-1939-жылдары аскер кызматын өтүп келери менен энесинин, айрыкча агасы Касымдын айткан жомокторунун негизинде жазылган «Жомоктор» деген китеби жарык көрөт. Белгилүү прозаик, акын жана драматург Насирдин Байтемировдун апасы жомокчу, кошокчу болгон. Энеси Аруукенин кошоктору, Калмырза, Жаманкул менен Осмонкул сыяктуу атактуу ырчылардан уккан жанды тандаткан, нөшөрлөп төгүлгөн ырдын арасында чоңойгон.

Согуш жылдарында ал айылда жүрүп, бухгалтер, зоотехник, мугалимдин жана комсомолдук иштерде иштептир. Дал ушул элет жеринде Н.Байтемиров жазуучу үчүн эң зарыл болгон турмушту үйрөнүү менен кийинки жазылуучу чыгармаларына бай материал жыйнаган экен. 1945-жылы Фрунзеге келип, «Кызыл Кыргызстан» газетасына кызматка орношот. Ушундан баштап эл аралап, чоңураак чыгарма жазууга камынганы көрүнүп турат. Натыйжада, биринчи көлөмдүү чыгармасы «Азамат» аттуу повестин жарыкка чыккан. Мында автор согуш учурундагы өлкөнү коргоо үчүн бүткүл кайрат-күчүн жумшаган кыргыз учкучу Азаматтын образын түзүүгө аракеттенет. Ошондой эле ооруктагы оор окуяларды ишенимдүү сүрөттөө менен, кыргыз элинин убадага, достукка сүйүүгө бекем асыл сапаттарын таамай чагылдырууга далалаттанат. Н.Байтемиров жетишерлик турмуштук, жазуучулук тажрыйба топтогон кезде да адабий билимин жогорулатууну эңсеп, Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтуна кирип, аны 1955-жылы бүтүргөн. Жазуучунун «Акыркы ок» романынын жарык көрүшү дал ушул жылдарга туш келет. Аялдар темасындагы үч романы жарыяланып, алар авторду кыргыз адабиятындагы белгилүү романчы катары таанытты. «Жылдызкан» романында сүрөткер «Жаш жүрөктөрдөй» даяр каарманды албастан, Жылдызкандын кичинекей кезинен тартып кандай турмушту башынын өткөргөнүн, көз карашынын калыптанышын, кулк-мүнөзүн, дүйнө таанымын ар тараптан кеңири сүрөттөп жүрүп олтурат. 1966-жылы жарык көргөн. «Тарых эстелиги» сүрөткерге реалисттик проза жазуунун чыгаан өкүлдөрүнүн бири, тарыхый роман жаратуунун чыныгы мастери катары атак-даңк алып келди.

Насирдин Байтемиров үчүн «Уркуя» эч качан өзүнүн актуалдуулугун жоготпой, ал гана эмес, биротоло жазуучунун стихиясына айланып кеткендиктен, автор бул темага кайра-кайра кайрылып, 

«Уркуя» поэмасын, «Уркуя» драмасын жазып, ар кандай жанрдагы жаңы чыгармаларды жарата берүүдөн тажаган жок. Ал «Уркуядан» башка да «Күйөө», «Ким күнөөлүү?», «Жолдо», «Адамдын аты» драмаларын, «Эненин жүрөгү», «Аста, секин колукту» музыкалуу комедияларын жазган. Эң негизгиси, Н.Байтемировдун калеминен «Сонундар дүйнөсү» (1967), «Турмуш элеги» (1972), «Санта» (1970), «Козголоңчу аял жана сыйкырчы» (1984), сыяктуу көркөм дөөлөттөр жаралып, кыргыз адабиятыда роман жанрынын бөксөсүн толтурууга зор үлүш кошту. Н.Байтемиров-поэзия жанрында да үзүрлүү эмгектенген кыргыз акындарынын ирилеринин бири. Башкасын айтпаганда да, «Жүрөк күүсү» (1955), «Сүйгөнүм»(1957), «Канаттуу күндөр»(1964), «Эриген таш»(1969), «Махабат дастаны» (1975), «Махабат жазы»(1979), «Махабатым-канатым»(1981) сыяктуу көлөмдүү ырлар жыйнактарынын өзү эле кыргыз поезиясынын тарыхынан көрүнүктүү орундардын бирин алып берүүгө кудурети жетет.
«Кыргызстан маданияты» №97. 24- октябрь, 1974- жыл

“УРКУЯ”(“Отко таазим”) фильминин жаралуу тарыхы


“Төлөмүш Океев,биринчиден кыргыз кинематографиясынын пайдубалын түптөп, профессионалдык деңгээлин бийикке көтөргөн режиссерлордун  бири катары, экинчиден, Орто Азия жана Казакстан кино өнөрүнүн  классиги катары тарыхта калат.” Ч.Айтматов.

Жумушума байланыштуу Азиза эже менен «Манас» коомдук бирикмесинин бет ачаар аземи болуп жатканда Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук «Опера жана Балет» театрында таанышып калдым. Анын мага, же жалпы эле адамга болгон жапакеч мамилеси, жоопкерчиликтүүлүгү, тактыгы, тапшырылган ишти чын дили менен аткаргандыгы жагып калды. Бат эле эски тааныштардай жакшы сүйлөшүп кеттик. Жылдыздарыбыз туура келишип калдыбы, айтор менин жердигимди сурап калды. Ноокаттын ичкилигинин кызымын десем эле, “Атам кино тартып жүргөндө ошол жакта айлап жашап калды эле. Ага чейин да кино тартканга ыңгайлуу жер издеп байма-бай каттады. Акыры андай жерди Баткендин кыштактарынын биринен тапкан” – деди. Дагы, “Ноокаттын эли жакшы, атам «Уркуя» фильмин тартканы үчүн Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин эки жолку чакырылышына депутат кылып шайлап, сый-урмат көрсөтүшкөн. Атам өмүрү өткөнчө Ноокаттын эли менен кол үзгөн жок”-деп ыраазы болуп сүйлөдү. Азиза эже экөөбүз ошентип, ошондон баштап жакын болуп кеттик.

 Арадан эки жыл өткөндөн кийин кайрадан телефон чалдым. Азиза эже менин айткан ойлорумду угуп абдан сүйүндү. Чын жүрөгү менен колдоп болгон материалдарымды берейин деп куттуу үйүнө чакырды. Ал үйдөн бир топко чейин баарлаштык. Эженин: «Уркуя» фильмине быйыл кырк жыл толду. Белгилесем жакшы болмок. Бул фильм атама көп жакшылыктарды алып келди эле”-дегенин угуп мен:

-Азиза эже, атаңыз жана Төлөмүш Океевдин «Отко таазим» фильми боюнча сүйлөп бербейсизби?-дедим. Ал макулдугун билдиргендей башын ийкеп:
-Белгилүү кинорежиссер Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан Ленин комсомолу атындагы сыйлыгынын, «Токтогул» атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, “Манас»III-даражадагы орденинин кавалери (1996), 1993-1998-жылдары Туркия мамлекетинин элчиси, Төлөмүш Океев 1-фильми «Бакайдын жайытынан» кийин кино тартууга бир топ кызыгып, аброю да кыйла көтөрүлүп калган эле. Экинчи фильмин тартууга анча убакыт сарптаган жок. Себеби Москва тараптан (анда союздук республика болчубуз) революциянын каармандарын даңазалаган патриоттук темадагы кино тартуу тапшырмасы берилген болчу. Кинорежиссерго темасы белгилүү болгону менен кайсы окуянын негизинде тартуу бүдөмүк эле. Ал көпкө ойлонгону менен бат эле чечим чыгарып койду. Анткени ушуга чейин Насирдин Байтемировдун «Тарых эстелиги» романы боюнча тааныштыгы бар эле. Ага түштүктө кулактардын колунан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Уркуянын негизинде кененирээк изилдеп көрбөймүнбү?-деген суроо туулду.

Чыгармага караганда кино адамдын эсинде тез калып, окуянын жүрүшүн экранга алып чыкканда, көрүүчү ошол кадрга өзү күбө катары катышып жаткандай таасир беришин ойлоду. Романдын кыска убакытта тез окуп чыгып, сюжетти так аткарып, көркөм чыгарманын көркүнө көрк кошо, ажарын толук ачып бере турган киносценарий жазуу боюнча жакшы идеяга токтолду. Анан чыгарманын автору менен жолугушуп баарлашты. Өзүнүн идеясы боюнча сунушун айтып, биргеликте киносценарий жазыш керек экендигин билдирди. Чыгарманын автору, белгилүү жазуучу Насирдин Байтемиров бул сунушка макул болду. Эки залкар талант тез аранын ичинде «Тарых эстелигинин» негизинде киносценарийдин үстүнөн иштөөгө чын ниетинен киришип калышты. Кинорежиссер документалдуу романды, эки жолу окуп чыкты. Келишимдегидей белгиленген убакытта киносценарий жазылып бүттү Бирок бул киносценарий режиссерду канааттандырган жок, китептин сюжети жеткиликтүү болбой калган.
-Киного тартууга канча жыл даярдык көрдү, билесизби?
-Билем. Кыргыз Киностудиясы Союз боюнча эң кичине мекеме болгондуктан, экономикалык, социалдык жагынан даярданууга эки жыл коротту. Кырк жыл мурунку окуяны тартуу үчүн ошол маалдагы тарых, элдин жашоо турмушу, кийим кечесин, тамак-аштарын чагылдырган сүрөттөр, материалдар менен таанышуу үчүн китеп окуп, ал да аздык кылып дагы башка нерселерди издене баштаган. Мунун ичинде көптөгөн кыйынчылыктар менен кат аркылуу Жогорку жакка кайрылып, Мамлекеттик архивге кирип чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Басмачылардын «кылмыш иштерин» окуп чыккан. Уркуянын балдары боюнча документтерди жыйнаган. Ошол архивдик тарыхый материалдар, сүрөттөр, документтер чоң жардам берген. Сүрөттөр аркылуу түштүк жакка Ноокатка барып каралбай ташталып калган эски айыл-кыштактарды издеген. Алыскы Баткен районунун «Булак-Башы» кыштагынан эски, эч ким жашабай калган ташталган, бай-манаптар маалынан бери бузулбай, заман өзгөрүлсө да баалуулугун жоготпой сакталып калган айылды табат. Бул жерге илгеркидей талаага тегирмен курдуруп, цистерна менен суу чыгартат. Эски арабалардан экини жасатат. Кино аянтчасын даярдап алгандан кийин, чебер сүрөтчүлөргө тапшырма берип, архивдеги сүрөттөрдүн жардамы менен ошол мезгилдеги кийилген кийимдердин эскиздерин чийдирип, тигүүчүлөргө тиктире баштайт. Баары даяр болгондо артисттерди издеп, таба баштайт. Ажынын ролуна мурун эле Муратбек Рыскуловду ойнотом деген ниети боюнча сунуштаса ал макул болот. Ага чейин ал «Бакайдын жайытында» башкы каармандын ролун аткарып бир топ ийгиликти жараткан. Алиман Жангорозовага «Уркуянын» энесинин ролун берет. Үтүр устага «Караш-караш» киносунан кийин атак-даңкы таш жарып турган Сүймөнкул Чокморовду чакырат. Башкы каармандарга: Жамал Сейдакматова, Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов, Асанбек Кыдырназаров өңдүү жалаң таланттуу чебер артисттерди топтойт.

«Отко таазим» киносунун «Тарых эстелиги»романынан айырмасы барбы?

Таланттуу режиссер чыныгы окуядагы каармандар: бай-манаптар менен кедейлердин образын сүрөттөгөн эки жактуу таптын бөлүнүшүн реалдуу бергиси келген. Анткени байды баары жаман көрөт, ал эми карапайым калк кедейди жакшы көрүшү айдан ачык малым эле. Бирок, роман партиялык көз-караштын рамкасынан чыкпай, бир жактуу болуп жазылган. Ошондуктан эки таптын сюжетин ар тараптуу карап, башканын үстүнөн иштеп сценарийге өзгөртүүлөрдү киргизген. Анан фильмдин сценарийине кээ бир эпизоддорду көркөмдөө иретинде өзү кошуп, толуктап иштеп чыккан.
-Сабира Күмүшалиеванын киного күтүлбөгөн жерден катышып калганы чынбы?
Баары даяр болгондо артисттерди издеп, таба баштайт. Режиссёр ажынын ролуна мурун эле Муратбек Рыскуловду ойнотом деген ниети боюнча сунуштаса ал макул болот. А киши «Бакайдын жайытында» башкы каармандын ролун аткарып, андан бир топ ийгиликти жараткан. Алиман Жангорозовага «Уркуянын» энесинин ролун берет. Башкы каармандар: Жамал Сейдакматова, Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов, Асанбек Кыдырназаров өңдүү жалаң таланттуу чебер артисттерди топтойт. Баарынан кызыгы, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз кино жана театрынын «Умай энеси» Сабира Күмүшалиева: “Эмнеге Муратбекти чакырып, мени таштап койдуңар?! «Эгерде «Уркуянын» энесинин ролун мага бербесең, анда Муратбекти ойнотпоймун» – деп чыр чыгарат. Ошондон улам Сабира Күмүшалиева Бүбүкан эненин ролун ойноп калганы чын. Ал эми Алиман Жангорозова массовкадагы кемпирдин ролун аткарып калат. Негизги каарман Уркуянын ролуна Түштүктүн кыздарына түспөлдөш эки артистти алып келип ойнотот. Бирок режиссерду канааттандырбайт. «Ак Мөөр» фильмин аткарып көзгө көрүнүп калган «Соң-Көл» чүрөгү аталган Таттыбүбү Турсунбаева кинопробага чакырылып, бир жолу ойноп эле, комиссиянын сынынан өтүп кетет. Уркуянын өмүрлүк жолдошу Колдошту- Муратбек Рыскуловдун уулу, Искендер Рыскулов аткарат. Уркуянын балдары: Катышуучулар-Канат Эшимбеков (Турсунбаеванын уулу), Анар Байгелдинова, Искендер Океев, Мая Жангорозовалар аткарышкан. Айта турган дагы бир нерсе, массовкага Баткен районундагы «Саң-Сарай» айылынын тургундары катышкан.
Эмчектеги баласын койнуна каткан калыбында улуу укук жөнүндө, теңдик заман, аялдар теңдиги тууралуу жыйынды жара сүйлөп турган Уркуя келиндин үнү чындыгында ошол мезгилдеги бүткүл кыргыз аялдарынын үнү болчу. Уркуянын үнүн айыгышкан таптык күрөш чыгарды жана алар кырчылдашкан тап күрөшүүнүн кандуу кагылышында курчуду. Жыйындагы жалындуу сөзүн карачы?! Качантан бери быкшып, адамдардын ичин бузуп келаткан уруучулук-жаатчылык деген ооруну ал бир гана сөзү менен бырын-чырын чыгарды десек болот. “Бизде азыр эки гана уруу бар: байлар уруусу, кедейлер уруусу… башка уруу жок бизде!” – деген. Эмне деген улуу ой!. Анын ушул ою өз укугун талашышы,элдин колдоосуна жетишиши-революциянын жеңишинин улуу салтанаты, жалпы эле чыгыш аялдарынын укугунун калыптанышы, жеңиши эле.
Бирок, кандай болгон күндө да күрөш курчуп турган кези эмес беле. Колунан жылмышып бараткан бийлик менен байлыкка ичи ачышкан байлар, ажылар тишин кайрап Совет бийлигине туш-тарабынан бөгөт коюп жатышкан.
Мына ошол мезгилдеги айыгышкан таптык күрөш бул «Уркуя» фильминде даана чагылдырылып тартылган. Өлүп бараткан эски заман менен өрүштүү жаңы замандын кандуу кармашы, эки замандын кишилеринин кулк- мүнөзү, кыйын күндөр ичерге тамак, киерге кийим жок кыйын күндөрдү төш менен тоскон эмгекчи эл, элдин өкүлү Уркуя… Дал ушул тушта куш учуп жеткис зоодогу үңкүрлөргө ташынып алып бекинген байлар элден өзгө түгүл сууну да тартып талаага, данга жеткирбей элди суудан какшытууга далбас урушу, суу талашып, жашоо -өмүр талашып кырчылдашкан адамдардын тагдыры, Ноокат районунун Апшыр-Атадагы, Тешик-Таш үңкүрүндөгү тартылган эпизоду чеберчилик менен тартылган. Бул фильм 1970-жылдары, 1930-жылдагы колхоздоштуруу маалындагы айыл-кыштактын кейпин, ошол мезгилдеги элдердин социалдык абалын, сабатын так өзүндөй кылып чагылдырып берген. «Уркуя» фильминдеги мыкты актёрлордун профессионалдык деңгээлдеги чеберчиликтери менен элдин жүрөгүнө жеткире аткаргандыктары менен да кино өзүнүн деңгээлине жеткен.
Кырчылдашкан тап күрөшүүдөн пайда болгон кыяндарды жиреп өткөн Уркуя элдин таалайы үчүн коргон болуп, эл таалайынын гүл багын аралап баскан. Бирок, адамзатты акмалаган ажалдай адилдиктин артынан акмалап ээрчип, Уркуянын өмүрүнө эки жолу кол салышып, душмандары чолпондой жаркырап турган кезинде жаш өмүрүн кыркып кетүүгө аракет кылышкан. Акырында Колдош менен Уркуя уйкуда жатканда мууздалган үч мүнөттүк эпизодду аткарууга 4-5 күн камданышкан. Кызыгы, эч бир артист ошол эпизодду аткарууга жүрөктөрү даабай, улам кийинки күнгө калтыра беришкен. Режиссердун убактысы чектелүү болгондуктан чыдабай кетип, өзүнүн башы-көзүн жоолук менен таңып басмачынын ролуна кирип аткарган дейт. Анан актерлор айласыздан ойной башташат.
Бул жерден режиссердун кино кызыктуу, ар тараптуу болуш үчүн жеке фантазиясынан жаралган эпизоддор төмөнкүлөр:
Үтур уста – (С.Чокморов, аялы Ж.Сейдакматова) аялы колхоздун уйларын уурдап базарга алып баратат дегенинен тирүүлөй куйкаланып башка айылга көчүп кетишкен жерлерин режиссер өзү кошкон. Жети-сегиз жашар баланын эки көзүнөн мөлтүлдөтүп жаш тамдырып ээрчитип, бирин көтөрүп, бирин жетелеп кайдадыр белгисиз жакка кетип баратканы көргөндүн сай-сөөгүн сыздатып, жүрөгүн эзип салган, Бүбүкан эненин- (С.Күмүшалиеванын) аянычтуу көрүнүшү да режисердун жеке фантазиясына тиешелүү.
Уулуу жыландардын (басмачылардын) так ошо бир түп мазардан башка корголор жери калды беле?! Жок. Алардын күнү бүткөн. Басмачылар тоо боорунда мазардагы эски матадай салбырап асылып калышкан эле. Ажы – (Муратбек Рыскулов) аткарган эпизод дагын Океевдин фантазиясынан көркөмдөлүп, фильм аяктаган.
«Отко таазим» фильминин премьерасы 1972-жылдын 14-февралында саат 18: 30 да «Россия» кинотеатрында көрүүчүлөргө коюлуп, көпчүлүк тарабынан жылуу кабыл алынганын билебиз. Андагы: “Фильмдин эң күчтүү эпизоддорунун бири-мазарга сыйынып отурган ажынын: тап душманынын колунан күйөөсү экөө бирдей жайраган Уркуянын; бир баласын көтөрүп, бир баласын жетелеп узап бараткан анын энесинин көргөн кордугу жан-дүйнө алааматын СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов, артисттер Сабира Күмүшалиева жана Таттыбүбү Турсунбаевалар сөз менен айтып жеткиргис бийик чеберчиликте туюндуруп ташташкан. Көз жаздыкчалары шумдуктуудай шишиген карт ажынын көздөрүнөн жамгырдай жаш акты. «Дин ажыдаары» деп атеисттер жек көрүп жүргөн байкуш ажы бечараларды чын жүрөгү менен аяды. Тагдырга наалат айтты. Мыкаачылардын: аруулук, тазалык чакырган динге да, тынч өмүр жыргалын самап тилеген адамдык эс -акылга да,ары жалгыз кыргыз жерин эмес, мүлдө аалам турмушун, зилзаладай силкилдеткен заман өзгөрүштөрүнө да туура келбеген көркоолук жооругун кудурет-кубаты чоң сыяктуу сездирди. Кудайдын жаза-сотуна коюп, эбак бөксөргөн карылык күнүнө түн түшүрүп турду” -деп, «Отко таазим» фильми экранга чыккандан кийин чыгарманын реалисттик мүнөзүнө жогору баа берген кино сынчылардын бири ушинтип жазган эле.
Уркуя Салиева аткарган иши китепте гана эмес, «искусствонун эң таасирдүүсү»-кинобаян түрүндө да чоң эпопеясы катары сакталып калган, абийир-намыс, эл сыймыгына жарашкан иш болуп саналат. А бирок, «Туура айтып, тууганыма жакпадым» -дегендей, эң күчтүү эпизодду «Госкинонун» көркөм кеңеши, Маданият министрлиги, Өкмөттөгү жетекчилер, кинонун аягы туура эмес тартылган деп, акыркы эпизодду критикалап «Жогорку категорияны» бербей, «биринчи категорияны» берип коюшат. Төлөмүш Океев мындай чечимге көңүл бурбай, Казакстанга «Көк серек» фильмин тартууга кетип калат. Көп убакыт өтпөй кинорежиссер Төлөмүш Океев, кино оператор Кадыржан Кыдыралиев экөө «Токтогул» атындагы мамлекеттик сыйлык менен сыйланышат. Ал эми фильмдин сценарийин жазган Насирдин Байтемиров менен кинону көркүнө чыгарып аткарган актрисса Таттыбүбү Турсунбаева мындай сыйлыктан куру кол калышат.
«Уркуя» фильмине 41 жыл толду
«Төлөмүш Океев» атындагы фонддун директору Азиза Океева менен «Уркуя» киносунун жаралыш тарыхы боюнча бир топко чейин талкууладык. Ал мага Ноутбугундагы сакталган фонддун архивдик сүрөттөрүн, гезиттик материалдарын, 1928-1930- жылдардагы элдин, басмачылардын архивдик сүрөттөрүнөн берди. Москванын Киностудиясынан дискке түшүрүп алып «Отко таазим»(«Уркуя») фильминин оригиналын Бишкектеги Киностудиядан кыргызчалаткан эки дискинин бирөөсүн мага эстеликке белекке берди.
Фильмдин ийгиликтери:
  1. «Советский экран» журналынын байгесине татыган.
  2. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын алган (1972)
  3. Ошентип, «Отко таазим» фильми Төлөмүш Океевге көп ийгиликтерди алып келген эле. Анын аркасы менен ал Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин эки жолку чакырылышына депутат болуп шайланган.

http://ift.tt/1RT2XKe

Комментарий кошуу