Көк-Жар айылындагы мектептин «Манас» ийриминдеги окуучулар облуста мыкты деп табылды

Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан Көк-Жар орто мектебинде окуучуларга «Манас» эпосун тереңдетип үйрөтүү максатында атайын ийрим уюштурулган. Андагы окуучулар аталган мектепте жана башка мектептерде өткөрүлгөн «Манас таануу» боюнча сынактарга катышып турат.

Аталган мектептин мугалими Нуржамал Исмаилованын айтымында, республикалык алкакта өткөрүлүп жаткан «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын облустук турунда Ош облусу боюнча Көк-Жар орто мектебинин «Сара» тобу 1-орунду ээлеп, республикалык телетаймашка катышууга жолдомо алышты. Аталган топту 5 кыз түзөт.
Маалым болгондой, республикалык таймаш 29-30-апрель күндөрү өтөт.

Turmush

http://ift.tt/1RvvzgV

Комментарий кошуу